Чаткал районунда “Чаарат ЗААВ” алтын өндүрүү ишканасынын курулушуна капсула салынды
“Чаарат ЗААВ” компаниясы 2014-жылдан бери Чаткал районунда геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп, Түлкүбаш жана Кызылташ алтын долбоорлорун өнүктүрүү багытында иш алып барып келген. Түлкүбаш участкасына болжол менен 156 миллион АКШ доллары, ал эми Кызылташ долбоорун өнүктүрүүгө 400 миллион АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартуу каралган. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев соцтармактагы баракчасына жарыялады.
Учурда компанияда 129 адам эмгектенет, алардын 51и Чаткал районунун тургундары. Долбоор толук ишке ашырылганда 600гө жакын жумуш ордун түзүү пландалууда. Инвестициялык долбоорду ишке ашырууда жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылууга, жаштарды кесиптик жактан даярдоого жана алардын квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледим. Мындан тышкары, тоо-кен тармагындагы иштер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүп, экологиялык, өндүрүштүк коопсуздук жана эмгекти коргоо талаптары так сакталышы керектиги эскертилди.