Abank_oct
SerepTV Logo

Айыл чарба министринин кармалганы боюнча Камчыбек Ташиевдин комментарийи жарыяланды

Айыл чарба министринин кармалганы боюнча Камчыбек Ташиевдин комментарийи жарыяланды

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин Айыл чарба министри Эрлист Акунбековдун УКМК тарабынан кармалганына байланыштуу айткан сөзүнө комментарийи "Регион" телеканалынын мурдагы директору Өткүрбек Рахманов тарабынан жарыяланды.

“Эрлист Акунбековдун кармалышы боюнча ачык айтып коёюн. Акунбековдун УКМКда бир нече факт боюнча материалдары болгон. Ага ылайык, Акунбеков мурдагы республикалык салык кызматынын жетекчилеринин бири менен бизнес өнөктөш болуп келген.

Негизги кылмыш ишине келсек, мурда Өкмөттүн токтому чыккан. Ал токтомго ылайык, Кыргызстанга алып келинген жер семирткичтер эгер дыйкандарга сатылса, алардан бажы төлөмү алынбайт эле. Эрлист Акунбеков жер семирткичтерди он миңдеген тонна көлөмдө алып келип, “дыйкандарга саттым деп жасалма документтерди толтурган. Бирок иш жүзүндө ошол жер семирткичтерди кен казуучу жана башка ири ишканаларга коммерциялык баада сатып жүргөнү” тергөөнүн жүрүшүндө аныкталган. Муну менен ага мамлекетке төлөнүүгө тийиш болгон ири көлөмдөгү төлөмдөрдөн качуу аракети болгон деген негизде иш козголгон. Салык жана бажы органдары бул процесстерди кантип өткөрүп жиберишкени да өзүнчө иликтөөгө алынган.

УКМКнын тергөөчүлөрү документтерди көтөрүп чыгып, Финансы министрлигинин, салык кызматынын жана башка тиешелүү органдардын кызматкерлери менен биргеликте мамлекетке келтирилген зыянды эсептеп чыгышкан. Алдын ала эсеп боюнча, зыяндын көлөмү 3 миллиард сомдун тегерегинде болгон!

Мен Акунбеков «ооруп жатам» деп арыз бергенден кийин аны үй камагына чыгаргам. Андан кийинки тергөөнүн жүрүшү тууралуу мен комментарий бере албайм. Бардык материалдар тергөө кызматында бар. Ошол ишти жүргүзгөн кызматкерлердин айрымдары азыр да ошол эле жерде иштеп жатышат. Бир нерсени так айтам, Акунбековду эч ким заказ менен камаган эмес. Ал конкреттүү кылмыш ишинин алкагында кармалган. Мамлекетке миллиарддаган сом зыян келтирилген деген маалымат туруп, мен аны жаап-жашырууга эч качан бармак эмесмин! Акунбеков 15 жылга жакын Кыргызстанга жер семирткич ташып келген. Бул иштин баары терең казылып, толук иликтенсе, дагы көп нерсе чыгышы мүмкүн”, - деп жазылат билдирүүдө.

SEREP MEDIA