Abank_oct
SerepTV Logo

Жапыкеев менен Суваналиев президенттик шайлоого керектүү тил сынагынан өтө алышкан жок

Жапыкеев менен Суваналиев президенттик шайлоого керектүү тил сынагынан өтө алышкан жок

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев жана Ички иштер министринин мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев президенттик шайлоого катышуу үчүн талап кылынган кыргыз тили боюнча сынактан өтө алышкан жок. Бул тууралуу 24.kg жазды.

Эки саясатчы тең 8-октябрда «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде сынак тапшырышкан.

Өмүрбек Суваналиев жазуу ишинде тажрыйбасы жетишсиз болгонун айтып, сынактан жетиштүү упай топтой албаганын мойнуна алды.

«20 күндөй даярдандым. Чынында, жазуу жагынан тажрыйбам аз экен. 40 жыл жетекчи болуп иштедим: жетекчилер көбүнчө угуп, тапшырма беришет, бирок өздөрү көп жаза беришпейт. Компьютерде да аз иштечүмүн. Ошондуктан жазуу бөлүгү мен үчүн кыйыныраак болду. B2 деңгээлине жете албаганыма өкүнөм», — деди ал Би-Би-Сиге.

Суваналиев сынакты кайра тапшыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрөрүн кошумчалады.

Сыймык Жапыкеев болсо тесттин жыйынтыгына макул эмес экенин билдирди. Анын айтымында, ал кыргыз мектебинде окуган, университетте кыргыз тилдүү тайпада билим алган жана кыргыз тилинде эркин сүйлөй алат.

Жапыкеев суроолор өтө татаал болгонун айтып, талапкерлер компьютер аркылуу аткарган жазуу бөлүгүнүн жыйынтыгына да күмөн санаган.

Буга чейин журналист Аслан Сартбаев Facebook баракчасында эки талапкердин тесттеги жыйынтыктарын жарыялаган. Өмүрбек Суваналиев окуудан — 87, угуп түшүнүүдөн — 84, жазуудан — 56, сүйлөөдөн — 65 упай алган. Сыймык Жапыкеев окуудан — 63, угуп түшүнүүдөн — 76, жазуудан — 55, сүйлөөдөн — 63 упай топтогон.

SEREP MEDIA