«Манас» эл аралык аэропортунда Бишкек-Прага түз аба каттамын ачуу талкууланды
«Манас» эл аралык аэропортунда Чехия Республикасынын транспорт министри Иван Беднарик менен жолугушуу өткөрдүк. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манас Самидионов билдирди.
"Анын жүрүшүндө Бишкек менен Праганын ортосунда түз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүктөрүн, жүргүнчү жана жүк ташууларды өнүктүрүү, ошондой эле авиация тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкууладык.

Сүйлөшүүлөрдөн соң Чехиянын делегациясын жаңыланган «Манас» эл аралык аэропорту менен жеке өзүм тааныштырдым. Конокторго аэропорттун модернизацияланган инфраструктурасын жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, Кыргызстандын авиация тармагында ишке ашырылып жаткан масштабдуу өзгөрүүлөр, жетишкендиктер жана алдыдагы өнүгүү пландары тууралуу кеңири маалымат бердик. Кийинки кадам катары биздин делегация Прага эл аралык аэропортуна иш сапары менен барат. Бул сапардын алкагында Бишкек - Прага багыты боюнча түз аба каттамын ачууга байланыштуу конкреттүү макулдашууларга жетишүү максатында сүйлөшүүлөрдү улантабыз", - деп жазылат билдирүүдө.