Abank_oct
SerepTV Logo

Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат

Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат
 
Президент Садыр Жапаров 8-9-октябрда Түркмөнстанга иш сапар менен барат. Мамлекет башчысы Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу боюнча Түркмөнбашы шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун сегизинчи жыйынына, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги Кеңешинин жыйынына катышат.

8-октябрда Консультативдик жолугушуунун алкагында өлкө лидерлери аймактык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин, саясий диалогду мындан ары чыңдоону, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү, ошондой эле энергетика жана экология тармактарындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашат. 9-октябрда президент Садыр Жапаров Түркмөнстан Республикасынын төрагалыгы алдында өтө турган КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышат.

Мамлекет башчылары Шериктештиктин алкагындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана көп тараптуу өз ара аракеттенүү механизмдерин мындан ары өркүндөтүүнү карашат.
SEREP MEDIA