“Мурас” турак жай комплексинде 24 кабаттуу сегиз блоктун курулушу толук аяктады
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда Мамлекеттик ипотекалык компаниясы курган Бишкек шаарындагы “Мурас” турак жай комплексинде сегизинчи блоктогу батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземине катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө онлайн форматта Кара-Жыгач конушунда жайгашкан 105 батирлүү дагы бир блоктун ачылышы да болду.
“Өткөндө Нарын шаарына барып, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынган дал ушундай турак жай комплекстерин тапшырууда жыл соңуна чейин өлкөбүздүн бир катар шаарларында, райондорунда жалпысы 20 миңден ашык батир өз ээлерине тапшырыларын айттым эле. Мынакей бүгүн ошол айтылган батир тапшыруу кезеги кайрадан борбор калаабызга келген экен. Бул - биз турган “Мурас” турак жай комплексинин 3-этабы. Буга чейин 2 этапка бөлүнүп, 2066 батир пайдаланууга берилген эле. Ал эми бүгүн 1104 батирдин ачкычтарын өз ээлерине тапшырсак, бул аймактан 3170 батирдин курулушун толук бүткөрүп, берген болобуз”, - деп белгиледи мамлекет башчысы.
Президент төртүнчү этаптын курулушун келерки жылдын июнь айында аяктоо тапшырмасы коюлганын баса белгиледи. Бул этаптын алкагында 1584 батир тапшырылат. Натыйжада, “Мурас” турак жай комплекси 39 блоктогу жалпы 4754 батирден турат. Мамлекет башчысы бүгүнкү күнгө карата республика боюнча жалпы 9371 батир пайдаланууга берилип, жарандар жаңы үйлөрүндө жашап жатышканын канааттануу менен айтты. Мындан тышкары, Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкек шаарынан тартып алыскы Баткен аймагына чейин өлкөнүн жети облусундагы 65 объектте 83 миңден ашык батирдин курулушун активдүү жүргүзүүдө.
Президент катышуучулардын баарын ак өргөлүү болушу менен куттуктады. Садыр Жапаров мамлекетти башкаруу жоопкерчилигин алганда, элдин суроо-талабын жана муктаждыктарын канааттандырууга дайыма умтулуу маанилүү экенин белгиледи. Бүгүнкү күндө “Менин үйүм” мамлекеттик программасынын алкагында мамлекеттин бул багыттагы пландары жигердүү ишке ашырылууда.
“Үйгө муктаж жарандарыбыздын үй-жайлуу болушу менен бирге стратегиялык максаттарыбыз да ишке ашып жатат. Өз үйү бар үй-бүлөнүн эртеңки күнгө ишеними бекем болот. Мындан сырткары, коомубуздун тирөөчү болгон мугалимдерибизди, дарыгерлерибизди, маданият ишмерлерибизди, башкача айтканда, тажрыйбалуу адистерибизди башка тармактарга же сыртка чыгып кетүүсүнөн сактап калып жатабыз. Анткени, өз үйү бар адис башка көйгөйү менен алаксыбай, бүткүл билимин, күчүн коомго жана мамлекетке жумшайт”, - деп өзгөчө белгиледи мамлекет башчысы.
Президент Садыр Жапаров жаңы турак үйлөрдүн салынышы курулуш тармагынын гана эмес, ага байланышкан ондогон ата мекендик өндүрүш тармактарынын өнүгүшүнө да түрткү берип, миңдеген жумуш орундарын түзөрүнө көңүл бурду. Ошентип, “Менин үйүм”мамлекеттик программасынын алкагында карапайым жарандарды, бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин жана жаш үй-бүлөлөрдү жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу өлкөбүздүн социалдык өнүгүүсүндөгү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Мындан тышкары, сөзүнүн соңунда президент тургундарды өз үйлөрүнө аяр мамиле кылууга, тазалыкты жана тартипти сактоого, ошондой эле батирлердин жана анын айлана-тегерегинин сакталышына кам көрүүгө чакырды.
Андан соң мамлекет башчысы жаңы батирлерди көрүп чыгып, жашоочулар менен баарлашты. Мындан кийин Садыр Жапаров көчөдө жаңы конуш ээлери менен жолугуп, алар мамлекет тарабынан аткарылып жаткан иштерге, анын ичинде мекенинен тышкары иштеп жүргөн эмгек мигранттар үчүн Кыргызстанда турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүнө Президентке чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришти.
“Мурас” турак жай комплексинде 24 кабаттуу сегиз блоктун курулушу толук аяктады. Ээлерине 1104 батирдин ачкычтары тапшырылууда. Бардык батирлерде ички жасалгалоо иштери толук жүргүзүлүп, заманбап инженердик коммуникациялар менен жабдылган. Борборлоштурулган суу менен камсыздоо, канализация, электр энергиясы жана газ менен камсыздоо каралган. Турак жай комплексинин аймагында жер алдындагы жана жер үстүндөгү эки унаа токтотуучу жай, ошондой эле балдар үчүн эки оюн аянтчасы бар. Ошондой эле Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушундагы Бегматов көчөсүндө жайгашкан 15 кабаттуу бир блоктун курулушу аяктады. Анда 105 батир пайдаланууга берилүүдө. Бул имаратта да жарандардын ыңгайлуу жашоосу үчүн заманбап талаптар эске алынган бардык зарыл шарттар түзүлгөн.