Садыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен барды
Президент Садыр Жапаров кечээ, 15-октябрда Армения Республикасына расмий сапар менен барды.
Мамлекет башчысынын учагы Ереван шаарындагы “Звартноц” эл аралык аэропортуна конду. Президентти учактын тепкичинен Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропорттун аймагына кызыл килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилип, Кыргызстандын жана Армениянын мамлекеттик туулары илинген.
Расмий сапар Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын чакыруусу боюнча өтүүдө.
Сапардын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын алкагында өтө турган Лидерлер саммитине катышат, ошондой эле Армениянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.