Abank_oct
SerepTV Logo

Экс депутат Атазов: "Соттон акталдым"

Экс депутат Атазов: "Соттон акталдым"

"Бүгүн сот менин иш-аракетимде эч кандай кылмыштын курамы жок деп таап, мени сот залынан толугу менен актап чыгарды". Бул тууралуу экс-депутат Шайлообек Атазов соцтармактагы баракчасына жазды.

"Ооба, убагында мени саясий процесстерге, Жогорку Кеңештин шайлоолоруна катыштырбай, жолумду тосуу үчүн ушундай саясий заказдарды берген кошоматчы адамдардын заманы болуп өттү. Бирок Кудай колдоп, менин жазган катым, чындыгым өлкө башчысына чейин жетти.

Бүгүн соттун мыйзамдуу, адилеттүү чечими болду. Бул чечим — сот системасындагы реалдуу реформалардын, мыйзамдын үстөмдүгүнүн жыйынтыгы. Бүгүн мага каршы "заказ" уюштурган шылуун, зөөкүр адамдар дээрлик көпчүлүгү жумуштан кетсе, кечээ эле менин колума мыйзамсыз кишен салып, камагандар өздөрү темир тор артына кетти", - деп жазылат билдирүүдө.

2025-жылдын 22-ноябрында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Кармалгандардын ичинен “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевге жана экс-депутат Кубанычбек Кадыровго “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кине коюлган. Эрмек Эрматовго, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеевге, активист Турсунбай Шараповго, экс-депутат Шайлообек Атазовго жана ишкер Урмат Барктабасовго, ошондой эле Казакстандын эки жаранына “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча айып тагылган. Экс-депутаттар Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов быйыл 25-январда үй камагына чыгарылган, Дамир Мусакеев башка жакка кетпөө тилкаты менен 9-июлда камактан бошотулган.

SEREP MEDIA