Abank_oct
SerepTV Logo

Франциядагы массалык башаламандыктар: Макрон элге кайрылуу жасайт

Франциядагы массалык башаламандыктар: Макрон элге кайрылуу жасайт

Францияда массалык башаламандыктар учурунда 2 миңден ашуун адам кармалды. Франциянын президенти Эммануэль Макрон жакын арада элге кайрылуу жасайт. Кармалгандардын саны тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Лоран Нуньес маалымат берди. Ошондой эле ал кагылышуулар учурунда 600дөн ашуун полиция кызматкери жана өрт өчүрүүчү жабыркаганын билдирди.

Франциянын бардык аймактарында, анын ичинде Париж, Марсель, Лион, Бордо, Ренн, Страсбург, Гренобль, Ницца жана Лимож шаарларында нааразылык акциялары өттү. Уюштуруучулардын айтымында, акцияларга 800 миңден ашуун адам катышкан. Митингчилердин негизги талаптары — жашоо наркынын жана күйүүчү майдын баасынын өсүшүнө каршы күрөшүү, ошондой эле мамлекеттик кызматтардын ишиндеги көйгөйлөрдү чечүү болгон.

Нааразылык акциялары башаламандыкка айланды. Марсель шаарында акциянын катышуучулары мэриянын имаратына кирип барышкан. Бордо шаарында жүзгө жакын дүкөн тонолгон. Ал эми Лимож шаарында чыккан өрттүн кесепетинен XIX кылымга таандык тарыхый мэриянын имараты олуттуу зыянга учураган.

Франциянын ички иштер министри жарыяланган маалыматтар алдын ала экенин белгилеп, талап-тоноочулукка жана зомбулук аракеттерине катышкандардын баары мыйзам алдында жооп берерин убада кылды.

Бул жагдайга байланыштуу Франциянын президенти Эммануэль Макрон 18-октябрдын кечинде өлкөдөгү кырдаалды премьер-министр Себастьен Лекорню жана бир катар министрлер менен талкуулагандан кийин элге кайрылуу жасайт.

SEREP MEDIA