Санкт-Петербургда дрондордун чабуулунан мунай терминалы жана VKнын дата-борбору жабыркады. Бир нече райондо электр жарыгы өчтү
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, дрондордун чабуулунан Санкт-Петербургдагы мунай терминалынын аймагында өрт чыгып, VK компаниясынын дата-борборуна сокку урулган. Ошондой эле учкучсуз учуучу аппараттардын сыныктары турак үйлөрдүн үстүнө түшкөн.
Шаар губернатору Александр Бегловдун айтымында, куткаруучулар Невский, Красносельский, Красногвардейский жана Москва райондорундагы «жарандык инфраструктура объектилеринде», ошондой эле мунай терминалынын аймагындагы өрттөрдү өчүрүүдө. Коопсуздук максатында Пулково аэропортунун иши убактылуу чектелген. Жабыркагандар жана каза болгондор тууралуу маалымат жок.
Ленинград облусунун губернатору Александр Дрозденко аймактын үстүнөн 126 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
«Фонтанка» басылмасынын маалыматына караганда, Москва районундагы өрттөн эки адам жабыркаган. Ошондой эле Санкт-Петербургдун кеминде үч районунда электр жарыгы өчкөнү кабарланды.
VK компаниясынын өкүлдөрү Ленинград облусундагы дата-борборуна дрон чабуулу болгонун тастыкташты. Алардын маалыматына караганда, VK сервистери «колдонуучулар үчүн кадимки режимде жеткиликтүү». Бирок «Сбой.рф» жана Detector404.ru мониторинг сайттарында «ВКонтакте» социалдык тармагынын ишине байланыштуу даттануулардын кескин көбөйгөнү катталган.
Мындан тышкары, ASTRA басылмасынын маалыматына караганда, дрондордун соккуларынын бири Васильевский аралы менен Канонерский аралын байланыштырган ванттык көпүрөгө тийген.