Пакистанда мектептин чатыры урап, 34 бала жана мугалим каза болду
Пакистандын түндүк-батышындагы Пешавар шаарындагы Дир-Колони районунда жеке менчик мектептин чатыры урап, кеминде 34 бала, алардын көбү 13 жашка чыга электер, жана бир мугалим каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү медициналык мекемеге таянып, Geo TV телеканалы билдирди.
LRH ооруканасынын администрациясынын маалыматына караганда, имараттын чатырынын урашынан дагы 20 бала жабыркаган. Алардын алтоо кыздар.
Куткаруучулар урандылардын алдында дагы балдар болушу мүмкүн деп болжолдоп жатышат. Мектепте жалпысынан 110 окуучу билим алган.