Ысык-Көл облусунда үзгүлтүккө учураган электр энергиясы берилди
19-октябрда эртең менен энергетиктер «Тамга» көмөкчордонунда зарыл болгон техникалык иштерди аякташты. Кечээ, 18-октябрда аталган көмөкчордонунда штаттан тышкаркы кырдаал жаралып, анын кесепетинен Ысык-Көл облусун электр энергиясы менен камсыздоодо үзгүлтүк болгон.
Учурда облус боюнча электр энергиясы менен камсыздоо толук калыбына келтирилип, штаттык режимде жүргүзүлүүдө. Адистер жабдуулардын иштешине жана энергетикалык объекттердин абалына көзөмөл жүргүзүүнү улантууда.
Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча суроолор жаралган учурда тургундар «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын күнү-түнү иштеген байланыш борборуна кайрылса болот: