Франция боюнча массалык башаламандыктар: 1200 адам кармалып, 150 полиция кызматкери жаракат алды
17-октябрда өлкө боюнча 550 миңден ашуун адам жашоо кымбаттап жатканына жана билим берүү системасындагы көйгөйлөргө каршы демонстрацияларга чыкты. Бир катар шаарларда нааразылык акциялары башаламандыкка айланып, беткапчан адамдар унааларды өрттөп, дүкөндөрдү талап-тоноп, полиция менен кагылышуулар болгон.
Нааразылык акцияларын таратуу учурунда полиция суу аткычтарды жана көздөн жаш агызуучу газ колдонду.
Парижде бүтүндөй көчөлөр «системалуу түрдө талкаланды», — деп билдирди шаардын мэри Эммануэль Грегуар. Лион шаарында туристтик маалымат борбору өрттөнүп, Лимож шаарында 140 жылдан ашуун тарыхы бар мэриянын имараты өрттөлгөн. Ошондой эле Марселде мэриянын имаратына кол салуу болгон. Демонстранттар «Бул революция! Биз Бастилияны басып алабыз!» деп кыйкырышканын AFP агенттиги билдирди.
Франциянын өкмөтү 17-октябрда кечинде чукул жыйын өткөрдү. Премьер-министр Себастьян Лекорню башаламандыктар үчүн «ашкере солчул топторду» айыптап, окуяларды «өзгөчө масштабдагы зомбулук» деп атады.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон «башаламандык уюштурган, префектураларга жана дүкөндөргө кол салган, атүгүл мэрияларды талап-тоногондор» жоопкерчиликке тартылып, жазаланарын убада кылды.