Орунбеков: "Протокол боюнча Шакира гүл албайт экен"
"Шакира Кыргызстанга келди. “Эмнеге гүл берген жоксуң?” деген суроолорго алардын протоколу боюнча Шакира гүл албайт экен". Бул тууралуу президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
"Анын сапары биздин туризмге оң таасир берет. Аны көрүп турган, өзүнүн эле Инстаграм баракчасындагы 103 миллион катталуучусу биздин өлкө тууралуу маалымат алышат, арасында кызыгып келгендер болот. Мына ушундай иш чаралар аркылуу Кыргызстанга таанытат", - деп жазылат билдирүүлөрдө.