Депутат Аматов: "Бюджетте болжолдонгон 32 млрд сом өлчөмүндөгү профицит кандай максаттарга жумшалат?"
Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028-2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Аталган маселе боюнча маалымат берген финансы министри Руслан Суйналиев алдыдагы жылдары экономикалык өсүштүн туруктуу темпи болжолдонуп жатканын белгиледи. Ал эми депутаттардын суроолоруна Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев жана тиешелүү министрликтердин жетекчилери жооп беришти.
Талкуу маалында депутат Жаныбек Аматов өткөн жылга салыштырмалуу бюджеттин 30%га көбөйүшүнүн негизги булактарына кызыкты. Министр бюджеттин кирешелеринин негизги бөлүгүн салыктык жана салыктык эмес түшүүлөр түзөрүн, анын ичинен салыктык түшүүлөрдүн үлүшү 79% экенин билдирди. Ошондой эле депутат инфляцияны ооздуктоо маселесин көтөрүп, бааларды турукташтыруу боюнча чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары, Жаныбек Аматов бюджетте болжолдонгон 32 млрд сом өлчөмүндөгү профицит кандай максаттарга жумшаларын тактады.
Депутат Улан Бакасов Нарын облусундагы курулушу бүтпөй калган жолдордун жана социалдык объектилердин маселесин көтөрүп, аларды бүткөрүүгө каралган каржылоонун көлөмүнө кызыкты. Буга жооп катары финансы министри Руслан Суйналиев облуста 111 социалдык объект бар экенин маалымдады. «2026-жылга 2 млрд 676 млн сом каралып, анын 92,4%ы каржыланды. Мындан тышкары, жолдорду жана көпүрөлөрдү кошкондо, жол инфраструктурасына тиешелүү 30 объект боюнча каржылоо 93,3%ды түздү», – деди баяндамачы. Ошондой эле депутат Нарын облусундагы өрткө каршы техникаларды жаңылоо маселесине да токтолду.
Депутат Медина Кайрылбекова аймактарды өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын бөлүштүрүүдө колдонулуучу критерийлерди тактап, бюджетти түзүүчү ишканалардын бар экенин жана башка факторлорду эске алуу зарылдыгын белгиледи. Ал Талас облусунун Манас районуна жетиштүү каражат бөлүнбөй жаткандыгына көңүл бурду. Мындан тышкары, депутат Тараз–Покровка–Кайыңды жолуна асфальт төшөө, Талас шаарындагы тазалоочу курулмалардын абалы жана аймактардагы жаңы конуштарга электр берүү чубалгыларын орнотууга керектүү каражат маселелерин көтөрдү.
Депутат Адилет Белеков дотацияда турган райондорго теңдөөчү гранттарды бөлүштүрүү механизмдерине кызыгып, өткөн жылга салыштырмалуу каржылоонун көлөмүн тактады. Баяндамачы 2027-жылга теңдөөчү трансферттер үчүн 1 млрд 200 млн сом каралганын билдирди. Өз кезегинде Адилет Белеков дотацияда турган айыл өкмөттөрүнө социалдык-инфраструктуралык объектилерин өнүктүрүү үчүн каражат бөлүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Депутат Айбек Алтынбеков 2027-2029-жылдардын бюджетинде инфляциянын деңгээлин эске алуу менен эмгек акыны жогорулатуу каралган-каралбаганына кызыкты. Ошондой эле ал автомобиль жолдорун куруу жана 2021-2022-жылдары курулушу башталган социалдык объектилерди бүткөрүү маселелерин көтөрдү. Ал эми комитет төрайымы Эльвира Сурабалдиева Тигүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрүнүн Польшада соода өкүлчүлүгүн же дипломатиялык мекеме ачуу өтүнүчүн жеткирди. Анын айтымында, ишкерлер логистика жана виза алуу маселелеринде кыйынчылыктарга туш болуп, бул жагдай алардын Европа рынокторуна чыгуусуна тоскоолдук жаратууда. Ошондой эле Эльвира Сурабалдиева Дүйнөлүк банктын жакырчылыктын динамикасы боюнча жүргүзгөн изилдөөлөрүнө көңүл бурду. Андагы маалыматтарга ылайык, билим деңгээли төмөн жарандардын 74% жана үч же андан көп баласы бар үй-бүлөлөрдүн 57% калктын аялуу катмарына кирет. Буга байланыштуу депутат аталган категориядагы жарандарга кошумча колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн талдап чыгууну сунуштады.
Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору комитет мүчөлөрү тарабынан биринчи окууда жактырылды.