Abank_oct
SerepTV Logo

Мэрия: №38 автобусунун катышуусундагы жол кырсык боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат

Мэрия: №38 автобусунун катышуусундагы жол кырсык боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат
 
Муниципалдык коомдук транспорттун катышуусунда болгон жол-транспорт кырсыгы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жооптуу кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыктары укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.

Жол-транспорт кырсыгы 15-октябрь күнү кечинде Лермонтов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде болгон. Кырсыктын кесепетинен алты жеңил унаа жана № 38 автобус кагылышкан.
SEREP MEDIA