Abank_oct
SerepTV Logo

Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнөдөн кайтты

Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнөдөн кайтты
 
18-октябрда 79 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Даңк» медалынын ээси, көрүнүктүү архитектор Эдил Айдарбекович Айдарбеков дүйнөдөн кайтты.

Эдил Айдарбеков 1947-жылдын 21-февралында Ысык-Көл районундагы Бостери айылында төрөлгөн. 1970-жылы Фрунзе политехникалык институтунун архитектура-курулуш факультетин аяктаган. Эмгек жолунда «Кыргызгипрострой» мамлекеттик долбоорлоо институтунда жана «Фрунзегорпроектте» архитектор болуп иштеп, өлкөнүн архитектура жана шаар куруу тармагынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон. 1976-жылдан тартып СССР Архитекторлор союзунун мүчөсү болгон.

Анын мамлекеттик маанидеги эң көрүнүктүү эмгектеринин бири — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун иштеп чыгууга катышкандыгы. Эдил Айдарбеков Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков менен биргеликте өлкөбүздүн башкы мамлекеттик символдорунун биринин автору болгон. Мамлекеттик туу 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынган. Өлкөнүн маданиятына жана архитектурасына кошкон салымы үчүн 2011-жылы «Даңк» медалы менен сыйланып, 2022-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамына татыган.

Ошондой эле Н. Исанов атындагы Кыргыз инженердик-курулуш институтунда ага окутуучу болуп эмгектенип, жаш адистерди даярдоого жана кесиптик тажрыйбасын кийинки муунга өткөрүп берүүгө салым кошкон.
SEREP MEDIA