Abank_oct
SerepTV Logo

Картошканы импорттоого 6 айга чектөө киргизилди

Картошканы импорттоого 6 айга чектөө киргизилди
Кыргызстанда картошканын ички өндүрүшү калктын жылдык керектөөсүн толук камсыз кылууга жетиштүү болгондуктан, анын импортуна 2027-жылдын 1-мартына чейин убактылуу чектөө киргизилди. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев кол койду.

Бул чектөө Кыргызстан аркылуу транзит аркылуу өтүүчү картошкага, илимий-изилдөө, сыноо жана башка атайын иш чараларды жүргүзүү үчүн ташып келинүүчү картошкага тиешеси жок. 

Маалымат үчүн: Кыргызстан ички керектөөсү үчүн жылына 779 миң 700 тоннага жакын картошка иштетет. Учурда Кыргызстан өзүн-өзү картошка менен камсыздоосу 181,9 пайызды түзөт. 2026-жылы өлкөдө болжол менен 1 млн 249 миң 700 тонна картошка өндүрүлүшү күтүлүүдө.
SEREP MEDIA