Abank_oct
SerepTV Logo

Нарында бүгүн жылытуу берилет

Нарында бүгүн жылытуу берилет

Нарын шаарында бүгүн, 19-октябрдан баштап жылуулук берилет баштайт.

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев борбордук откананын даярдыгын көрүп, жылуулук берүүнү баштоону тапшырды. Ага ылайык, жылуулук биринчи бала бакча, оорукана, мектептерден баштап берилип андан соң турак жайларга бериле баштайт. Учурда Нарын шаары кышка карата дээрлик даяр. Социалдык мекемелер толук даярдалып, отканалар тийиштүү оңдоолордон өткөрүлүп, 1200 метрдей жылуулук трассасы жаңыртылып, керектүү жабдуулар запастык бөлүктөрү менен кошо даярдалды. Мындан тышкары, борбордук отканага жаңы меш орнотулду.

SEREP MEDIA