SerepTV Logo

"Жусуп" тарыхый-көркөм тасмасынын улуттук бет ачары өттү

"Жусуп" тарыхый-көркөм тасмасынын улуттук бет ачары өттү
 
16-сентябрда Бишкек шаарындагы «Манас» кинотеатрында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына, журт атасы Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдыгына жана Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган «ЖУСУП» тарыхый-көркөм тасмасынын улуттук бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.

Тарыхый-көркөм тасма президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен тартылып, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө зор салым кошкон мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолу жана тарыхый ишмердүүлүгү тууралуу баяндайт. Кинотасмада улуттук тарыхыбыздын маанилүү барактары көркөм чагылдырылган.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмер Роза Айтматова, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият жана кино тармагынын өкүлдөрү, тасманын чыгармачыл тобу катышты. Бет ачардын жүрүшүндө тасманын жаратуучулары тааныштырылып, Жусуп Абдрахмановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү тарыхый орду жана анын өмүр жолун кийинки муундарга жеткирүүнүн мааниси белгиленди.
SEREP MEDIA