Малик Шаваев Дүйнө чемпионатынын коло медалын жеңип алды
31-октябрда Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын сегизинчи мелдеш күнүндө Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Малик Шаваев (86 кг чейин) коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Үчүнчү орун үчүн болгон беттеште кыргызстандык балбан Россиянын өкүлү Ибрагим Кадиевди 4:3 эсебинде жеңип, коло медалды камсыздады. Малик Шаваев коло медалга чейинки жолдо бир катар ийгиликтүү беттештерди өткөрдү:
1/32 финал: Пуэрто-Риконун өкүлү Итан Рамосту 10:4 эсебинде жеңди;
1/16 финал: Швейцариянын өкүлү Умар Мавлаевди 5:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утту;
1/8 финал: Ирандык Камрян Горбан Гасемпурду далысын жерге тийгизүү (туше) менен жеңди.
Чейрек финалда Малик Шаваев АКШнын өкүлү Кайл Дейкке жеңилип калды. Бирок америкалык балбандын финалга чыгышы кыргызстандык спортчуга көңүл жубатуучу беттештер аркылуу коло медаль үчүн күрөштү улантууга мүмкүнчүлүк берди. Көңүл жубатуучу беттеште Монголиянын өкүлү Батбилгуун Наадамбатты 7:4 эсебинде жеңип, коло медаль үчүн беттешке жолдомо алды.
Жыйынтыгында кыргызстандык балбан Дүйнө чемпионатын үчүнчү орунда аяктап, Кыргызстандын курама командасынын медалдар куржунун коло байге менен толуктады.