Дзюдо боюнча улуттук курама команда мекенге кайтып келди
24-октябрга караган түнү Бишкек шаарына Япониянын Айти-Нагоя шаарында өткөн Азия Пара оюндарына катышкан дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын спортсмендери кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Спортсмендерди “Ак-Жол”өткөрүү пунктунан Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү, машыктыруучулар жана жакындары тосуп алышты.
Азия Пара оюндары 18-24-октябрь күндөрү Япониянын Айти-Нагоя шаарында өттү. Айбийке Уланбек кызы Азия Пара оюндарында дзюдо боюнча алтын медаль жеңип, оюндун чемпиону болгон. Ал 52 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты. Ал жарым финалдык баскычтан баштап анда япониялык Юуй Фудзивараны "иппон " ыкмасы менен жеңген.