Abank_oct
SerepTV Logo

Бишкек шаарындагы "Жунхай" базарында чыккан өрт өчүрүлдү

Бишкек шаарындагы "Жунхай" базарында чыккан өрт өчүрүлдү
22-октябрда Бишкек шаарынын Свердлов районундагы «Жунхай» базарындагы контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 19:41де жалпы 8 күжурмөн эсеп, штаб, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

Окуя болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулайманов координациялады. Өрт саат 21:33тө чектөөгө алынып, саат 01:01де толук өчүрүлгөн. Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн аянты болжол менен 1000 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жок.

SEREP MEDIA