Михаил Галустян тажик элинен кечирим сурады
Михаил Галустян Тажикстандын тургундарынан кечирим сураган видеону TAS International Group компаниясынын жетекчиси Олег Самсонов Instagram баракчасына жарыялады.
Дал ушул компания актёрду Душанбе шаарына чакырган. Анын Тажикстанга келиши коомчулукта нааразылык жараткан. Галустяндын өзүнүн баракчасында бул видео азырынча жарыялана элек.
Видеодо Галустян эгер анын ролдору кимдир бирөөгө оор тийген болсо, буга чын жүрөктөн өкүнөрүн айтып, Тажикстандын тургундарынан кечирим сураган.
Галустяндын айтымында, ал Душанбе шаарына биринчи жолу барган. Аны шаардын кооздугу, борбордун архитектурасы, элдин меймандостугу жана Тажикстандын өнүгүү темпи таасирленткен. Анын айтымында, бул сапар өлкө тууралуу түшүнүгүн толугу менен өзгөрткөн.
«Тажикстанга болгон сапарым элиңиздин миңдеген жылдарга созулган тарыхы жана маданияты тууралуу тереңирээк ойлонууга түрткү берди. Тажик элинин тарыхында Улуу Кир, Исмаил Самани сыяктуу көрүнүктүү инсандардын, ошондой эле дүйнөгө белгилүү окумуштуулар жана акындар — Рудаки, Фирдоуси, Омар Хайям, Авиценна жана башка көптөгөн ойчулдар менен акындардын мурасы бар. Алардын эмгектери дүйнөлүк цивилизациянын баа жеткис бөлүгүнө айланган», — деди ал.
«Эгер буга чейинки эмгектерим жана аткарган ролдорум кимдир бирөөгө оор тийген болсо же Тажикстанга болгон бүгүнкү сапарыма карата нааразылык жараткандардын себебине айланган болсо, мен буга чын жүрөктөн өкүнөм жана сиздерден терең кечирим сурайм. Бүтүндөй тажик элинен кечирим сурайм», — деди Галустян.
Сөзүнүн соңунда ал Тажикстандын тургундарына меймандостугу, сый-урматы жана конокторго болгон жылуу мамилеси үчүн ыраазычылык билдирип, бул сапарын жылуу сезимдер менен эстей турганын айтты.
30-сентябрда Галустян TAS International Group компаниясы кардарлары жана өнөктөштөрү үчүн өткөргөн жабык иш-чарага конок катары катышкан. Курулуш компаниясы мурдагы «Жашыл базардын» ордуна борбордогу эң бийик имарат жайгашкан Dushanbe International District бизнес кластерин куруп жатат.
Галустяндын Тажикстанга келери тууралуу маалымат социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан. Айрымдар сапарды токтотууну талап кылса, башкалары диалогго чакырышкан. Маданият министрлиги актёрдун сапары мекеме менен макулдашылбаганын билдирген.
«Наша Russia» юмордук шоу-программасы ТНТ телеканалында 2006-2011-жылдары чыккан. Анда тажикстандык эки эмгек мигранты — Равшан менен Жамшут сабатсыз жана билимсиз адамдар катары көрсөтүлгөн. Ошол учурда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Орусияга расмий нота жөнөтүп, өлкөдө тасманын дисктерин сатууга тыюу салынган.
Буга чейин Галустян Тажикстандан айтылган сын-пикирлерге жооп берген эмес.