Abank_oct
SerepTV Logo

Дүйнө чемпионаты: Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбандарынын алгачкы атаандаштары аныкталды

Дүйнө чемпионаты: Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбандарынын алгачкы атаандаштары аныкталды
 
24-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында чоңдор арасындагы спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталат. Алгач килемге грек-рим күрөшүнүн өкүлдөрү чыгып, 55, 60, 77 жана 82 килограммга чейинки салмактарда күч сынашат.

Мелдештин биринчи күнүндө Кыргызстандын улуттук курама командасынын төрт балбаны килемге чыгат. 55 килограммга чейинки салмакта Кутман Калбаев алгачкы беттешин украиналык Кориун Саградянга каршы өткөрөт. 60 килограммга чейинки салмакта Курманбек Жапаров мелдешти 1/16 финалдык баскычтан баштайт. Анын атаандашы Индиянын өкүлү Харш болот. 77 килограммга чейинки салмак категориясында Ырыскелди Максатбек уулу 1/8 финалга чыгуу үчүн германиялык балбан Сэмюэл Бельшайдт менен беттешет. Ал эми 82 килограммга чейинки салмак категориясында Акжол Махмудов 1/16 финалда египеттик балбан Эмад Ашраф Абу-Латта менен күч сынашат.
SEREP MEDIA