Грек-рим күрөшү: Бүгүн Астанадагы Дүйнө чемпионатында Кыргызстандын 4 балбаны килемге чыгат
Бүгүн, 26-октябрда Казакстандын борбор шаарында Дүйнө чемпионатынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча мелдештер жыйынтыкталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Мелдештин үчүнчү күнүндө “Барыс Аренанын” килемине калган салмак категорияларында - 63, 67 жана 87 кг чейинки салмакта мекендештерибиз чыгат. Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча кыргызстандык балбандар мелдешти төмөнкү баскычтардан баштайт: 63 кг чейин - Афтандил Таалайбек уулу: алгачкы айлампаны өткөрүп жиберет. Чейрек финалга чыгуу үчүн өтө турган стартык беттешинде ал Корнелиу Русу (Молдова) - Карен Асланян (Армения) түгөйүнүн жеңүүчүсү менен кез келет. 67 кг чейин - Раззак Бейшекеев 1/16 финалдык баскычта Казакстандын өкүлү Багдат Сабаз менен таймаш өткөрөт. 87 кг чейин - Азат Салидинов алгачкы беттешинде грузиялык балбан, дүйнө чемпионаттарынын байге ээси Лаша Гобадзе менен күч сынашат. Мындан тышкары, эртең менен Амантур Исмаилов (72 кг чейин) көңүл жубатуучу беттеште күрөшөт. Дүйнө чемпионатынын коло медалы үчүн күч сынашууга мүмкүнчүлүк алуу үчүн ал швециялык балбан Хенрик Дален менен килемге чыгат.
Алдын ала жана көңүл жубатуучу беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 11:30да башталат.