Abank july
SerepTV Logo

Словакияда өкмөткө каршы митингдер өтүп жатат

Словакияда өкмөткө каршы митингдер өтүп жатат
Словакиянын 30 шаарында өкмөткө каршы массалык митингдер өтүп жатат. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына ылайык кечээ, 24-январда 100 миңдей киши митингге чыккан. "Украинага тынчтык" бейөкмөт уюмунун нааразылык акциясынын уюштуруучулары премьердин кызматтан кетишин жана өлкөнүн Орусия менен кызматташуусун токтотууну талап кылышууда", - деп жазат Aktuality басылмасы. Буга чейин премьер-министр Роберт Фицо Словакияда бийликти кулатуу үчүн Грузиядагы окуяларга жана "Майданга" тиешеси бар чет элдик эксперттер тобу иштеп жатканын билдирген.
Unknown Author