SerepTV Logo

Бангкокто суу ташкынынан улам кырсык режими жарыяланды

Бангкокто суу ташкынынан улам кырсык режими жарыяланды

Бангкоктун бир нече району суу алдында калды. Буга шаарда бир нече күндүн ичинде сентябрь айы бою жааган жаан-чачынга дээрлик барабар көлөмдө жаан жааганы себеп болгон.

Таиланддын борборундагы негизги каналдар толуп, шаардык дренаж системасы күчөгөн жүктү көтөрө алган эмес. Натыйжада көчөлөрдү суу каптап, транспорт кыймылы үзгүлтүккө учурады. Суу каптаган үйлөрдөн 6 миңге жакын тургун баш калкалоочу жайларга көчүрүлдү.

Жергиликтүү бийлик кырсык режимин жарыялады.

Сентябрдын ортосунан бери узакка созулган жаан-чачындан улам пайда болгон суу ташкындары Таиланддын 41 провинциясына таасирин тийгизди. 8 адам каза болуп, 580 миң үй-бүлө жабыркады. Суу каптаган аймактардагы 80 миңден ашуун тургун үйлөрүнөн чыга албай жатат.

Экономисттер өлкөнүн экономикасына келтирилген зыянды кеминде 11 миллиард батка (327 миллион долларга) баалашты.

Божомолдорго ылайык, 28-сентябрда өлкөнүн аймагында жаан-чачын уланат. Ал эми Бангкокто жаандын көлөмү азыраак болушу күтүлүүдө. Шаардагы суунун деңгээли акырындап төмөндөй баштаган.

SEREP MEDIA