Малик Шаваев Азия оюндарынын коло медаль ээси
Бүгүн, 2-октябрда Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында эркин күрөш боюнча мелдештер уланууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Эркектер арасында 86 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан кыргызстандык спортсмен Малик Шаваев Азия оюндарынын коло медалына ээ болду. Малик Шаваев алгачкы беттешинде Бахрейндин өкүлү Хидир Сайпудиновду 9:5 эсебинде жеңди. Чейрек финалда Өзбекстандын өкүлү Бобур Исломовду 10:2 эсебинде утуп, жарым финалга чыгып, ирандык Мохаммад Ноходиларимиге 0:3 эсебинде жеңилип калган.
Коло медаль үчүн болгон беттеште Малик Шаваев Түштүк Кореянын өкүлү менен күч сынашып, 12:1 эсебинде жеңишке жетти.