Жайытта багылган малдын этинин өздүк наркы 231 сомду түзөт
Эттин акыркы чекене баасын түзүүдө малды багуунун технологиясы, тоюттун наркы, малдын салмак кошуусу, ветеринардык тейлөө, транспорттук жана башка чыгымдар маанилүү роль ойнойт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен маалымдашты.
Берилген эсептөөлөргө ылайык, бордоп семиртүү шартында кармалган бодо малдын этинин 1 килограммынын өздүк наркы 655,67 сомду, ал эми жайыт шартында багылган малдын этинин өздүк наркы 230,82 сомду түзөт. Жайытта багууда сатып алынуучу тоютка кеткен чыгым салыштырмалуу аз болгону менен малдын суткалык салмак кошуусу жайыраак жүрөт. Бордоп семиртүүдө тоютка чыгым көбүрөөк кетет, бирок туура рацион жана багуу шарттары камсыздалганда суткалык салмак кошуу 0,8-1,0 килограммга жана андан жогору жетиши мүмкүн.
Мындай айырмачылык эт өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууда тоют базасын өнүктүрүү, сапаттуу жана жеткиликтүү тоют менен камсыз кылуу, малдын породалык сапатын жакшыртуу жана заманбап бордоп семиртүү технологияларын киргизүү маанилүү экенин көрсөтөт. Малды бордоп семиртүү менен алектенген ишкерлер тарабынан республика боюнча 27 595 баш мал бордолууда.
Кыргызстандагы эттин баасы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу 2026-жылдын сентябрь айына карата Кыргызстанда уй этинин орточо чекене баасы 774,4 сом/кг, кой эти 810,6 сом/кг деңгээлинде болгон. Салыштырма маалыматтар боюнча, Өзбекстанда уй эти болжол менен 934 сом/кг, кой эти 1 007 сом/кг, Тажикстанда тиешелүүлүгүнө жараша 928 жана 1 010 сом/кг, Казакстанда уй эти 810 сом/кг, кой эти 892 сом/кг деңгээлинде болгон. Бул маалыматтар Кыргызстандагы эттин чекене баасы бир катар коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн экенин көрсөтөт. Ошол эле учурда ички рыноктогу баанын туруктуулугу өндүрүш көлөмүнө гана эмес, тоюттун баасына, логистикага, сезондук факторлорго жана тышкы суроо-талапка да байланыштуу.