Abank_oct
SerepTV Logo

Flydubai'дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти

Flydubai'дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти

Дубайдан Тель-Авивге учуп бараткан Flydubai авиакомпаниясынын учагы учуу маалында алгач 7700 кодун — өзгөчө кырдаал сигналын, андан кийин 7500 кодун берген. Бул код учакты басып алуу же ага мыйзамсыз кийлигишүү коркунучу болгон учурда колдонулат.

Андан кийин Израиль аба күчтөрү истребителдерин көтөргөн. Ал эми Boeing 737 учагы багытын өзгөртүп, Сауд Арабиясына бет алган. Учуу аяктап, учак конгондон кийин кооптуу сигналга учкучтардын кабинада мушташып кеткени себеп болгону белгилүү болгон. Израилдик маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, жаңжал учурунда учкучтардын бири эс-учун жоготкон. Учурда учакты басып алуу боюнча алгачкы версия ырасталган жок.

Flydubai авиакомпаниясы экипаж мүчөлөрүнүн ортосунда мушташ болгонун тастыктап, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жаралбаганын билдирди. Учактын бортунда болжол менен 100дөн 180ге чейин жүргүнчү болгон. Бирок ар кандай маалымат булактарында жүргүнчүлөрдүн саны боюнча айырмаланган маалыматтар келтирилүүдө.

Маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө караганда, экипаждын командири теги боюнча орусиялык, ал эми экинчи учкуч украиналык.

SEREP MEDIA