SerepTV Logo

Орунбеков: "Полигондогу өрт шайлоо алдында уюштурулган провокация болушу мүмкүн"

Орунбеков: "Полигондогу өрт шайлоо алдында уюштурулган провокация болушу мүмкүн"
Бишкектин четиндеги таштанды полигону көп жылдар бою борбор калаанын эң чоң экологиялык көйгөйлөрүнүн бири болуп келген. Таштанды күйүп, шаарды түтүн каптап, желим калдыктар айлана-тегерекке чачылып жатчу. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков соцтармактагы баракчасына жазды.

"Акыркы жылдары полигондогу өрт толук өчүрүлүп, үстү топурак менен жабылып, аймак жашылдандырылып, бак-дарактар тигилген. Андан соң таштандыларды кайра иштетип, электр энергиясын өндүргөн заманбап завод курулуп ишке кирди. Бирок бүгүн түн ичинде мурдагы полигондун топурак менен жабылып, жашылдандырылган аймагында өрт чыкты. Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, ал жерге кимдир бирөөлөр дөңгөлөктөрдү алып барып, бир нече жерден атайын өрт коюшкан. Өрт түнкү саат экилер чамасында толук өчүрүлдү.

Мындай аракетке баргандардын максаты эмне болушу мүмкүн деген суроо жаралууда. Бул атайын жасалган диверсиябы? «Полигондогу өрттү өчүрүп, үстүн топурак менен жаптык дедиңер эле, мына кайра эле күйүп жатат» деген көрүнүштү атайын жаратып, коомчулукта күмөн саноо пайда кылуу аракетиби? Ансыз да, социалдык тармактарда так ушундай суроо коюп видео бөлүшкөндөр дароо чыкты. Ошондуктан, коомчулукка кайрылабыз, мамлекеттин жана коомдун мүлкүнө зыян келтире турган чагымчыл аракеттерден алыс болууга чакырабыз.

Алдыда өлкө үчүн маанилүү саясий процесстер турат. Президенттик шайлоо жакындады. Мындай мезгилде ар кандай чагымчыл аракеттер болушу мүмкүн экенин да эске алуу зарыл. Бул факты боюнча укук коргоо органдары териштирүү иштерин баштады. Тергөөнүн жыйынтыгы менен өрттү уюштурууга тиешеси бар адамдар жана алардын максаты тууралуу маалыматтар берилет", - деп жазылат билдирүүдө.
SEREP MEDIA