Royal
SerepTV Logo

Өзбекстанда кыздарды жамбашка чаап видео тарткан жигит камакка алынды

Өзбекстанда кыздарды жамбашка чаап видео тарткан жигит камакка алынды

Өзбекстанда сот түнкү клубдун жарнамасында кыздарды жамбашка чапкан Ташкенттин тургунун 5 суткага камакка алды. Бул тууралуу "Настоящее время" жазды.

Буга чейин социалдык тармактарда 25-декабрда түнкү клубдардын биринде тартылган видео жарыяланган. Ал видеодо жигит 7 кызды жамбашка чапкан. 

Gazeta.uz билдиргендей, 22 жаштагы Ш.Юнусовго карата административдик иш козголгон. Ага Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 183-беренеси (майда бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Соттун чечиминде укук бузуучу өз аракети менен коомдо калыптанган жүрүм-турум эрежелерин атайылап бузганын көрсөткөнү белгиленген.

Сот отурумунда Юнусов күнөөсүн мойнуна алып, клубдун администрациясынан эч кандай материалдык пайда албаганын ырастаган. 

 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Настоящее Время. Азия (@currenttimeasia)