Abank july
SerepTV Logo

Казакстанда поезд менен жүргүнчүлөрү бар автобус сүзүштү

Казакстанда поезд менен жүргүнчүлөрү бар автобус сүзүштү

Атырауда поезд жүргүнчүлөрдү ташыган автобусту сүзүп кеткенин "Мой город" басылмасы жазды.

Кырсык 11-июль күнү саат 14:00дөр чамасында болгон. Рауан көчөсүндөгү темир жол кесилишинде №2-маршруттук автобус менен поезд сүзүшкөн.

Атырау облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы автобустун айдоочусу жолду туура эмес жерден кесип өткөнүн билдирди. Автобустун жүргүнчүлөрүнүн абалы канааттандырарлык экени айтылууда.