Abank_oct
SerepTV Logo

Италиянын бийлиги башаламандыктарга байланыштуу Миланга дагы 500 аскер жөнөтүүнү көздөп жатат

Италиянын бийлиги башаламандыктарга байланыштуу Миланга дагы 500 аскер жөнөтүүнү көздөп жатат

Мындай чечим өлкөнүн премьер-министри Жоржа Мелони өткөргөн чукул жыйында кабыл алынды. Мындан тышкары, Миландын айрым райондоруна коменданттык саат киргизүү маселеси талкууланууда. Ушундай эле чара 19-октябрда Францияда уланып жаткан талап-тоноолорго байланыштуу киргизилген.

Миландагы башаламандыктардын толкуну 17-октябрда жашоонун кымбаттыгына каршы алгач тынч өткөн нааразычылык акцияларынын фонунда башталган. Шаардын борбордук аянтында жана анын айланасында негизинен кара кийим кийип, жүзүн жаап алган адамдар дүкөндөрдүн витриналарын талкалап, соода жайларын тоной башташкан.

Учурда 270тен ашуун адам кармалды. Алардын басымдуу бөлүгү жашы жете электер. Беш өспүрүм сотко чейинки камакка алынды.

SEREP MEDIA