Royal
SerepTV Logo

Гаитиде жаандан улам ташкын болуп, жер көчкү жүрүп жатат (видео)

Гаитиде жаандан улам ташкын болуп, жер көчкү жүрүп жатат (видео)
Гаитиде "Арлен" бороонунан улам нөшөрлөгөн жамгыр жааган. Жаан-чачындын кесепетинен бир нече дарыялар ташкындап, бир катар аймактарда жер көчкү жана сел жүрдү. Кесепетинен 15 адам каза болуп, дагы 8 адам дайынсыз жоголгон. 7475 үй-бүлө жабыркаган, 1219 үйдү суу каптап, 13 миң 390го жакын адам коопсуз аймактарга көчүрүлгөн.