Royal
SerepTV Logo

Евгений Петросяндын имплант тиш салдырган соң реанимацияга түшкөнү маалым болду

Евгений Петросяндын имплант тиш салдырган соң реанимацияга түшкөнү маалым болду

Куудул Евгений Петросяндын ооруканага жаткырылганы тууралуу маалымат тарады. 4-майда белгилүү болгондой, юморист тиш имплантын орноткондон кийин оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Бул тууралуу СтарХит жазды.

Азыр 77 жаштагы куудул дарыгерлердин көзөмөлүндө, анын өмүрүнө эч нерсе коркунуч туудурбайт. «27-апрелде тиш доктурга имплант орнотуу үчүн барган. Процедурадан кийин ылдыйкы жаагындагы жарааттан тынымсыз кан агып жатканына даттана баштаган. Бир нече күндөн кийин Евгений Вагановичтин абалы начарлап кеткен – баш айлануу, чыйрыгуу, көкүрөктөгү ыңгайсыздык жана жүрөк айлануу пайда болгон», - деп айтылат маалыматта.