Royal
SerepTV Logo

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин уулу үйлөндү

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин уулу үйлөндү

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин уулу Гейдар Алиев үйлөндү. Бул тууралуу өлкөнүн биринчи айымы Мехрибан Алиева 26-ноябрда өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазды.

"Кечээ тар чөйрөдө уулубуз Гейдардын үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрдүк. Мен үчүнчү кыздуу болгонубузга кубанычтамын! Бардык ата-энелердей эле уулубузга бактылуу үй-бүлө каалайбыз!" - деп жазды ал.

Гейдар Ильхам оглы Алиев 1997-жылы 3-августта туулган. Ал Заманбап окуу комплексин, ошондой эле Азербайжан Дипломатиялык академиясын бүтүргөн.