Royal
SerepTV Logo

30 жыл мурун тоңдурулган эмбриондордон эгиздер төрөлдү (сүрөт)

30 жыл мурун тоңдурулган эмбриондордон эгиздер төрөлдү (сүрөт)

Теннесси штатында 30 жыл мурда тоңдурулган эмбриондордон эгиздер төрөлдү. Бул тууралуу Би-Би-Си жарыялады.

Бул тоңдурулган эмбриондор "төрөлүүнү күткөн" тарыхтагы эң узак мезгил. Эмбриондор 1992-жылдын 22-апрелинен бери суюк азотто -128 градус температурада сакталып, жашоого жөндөмдүүлүгүн сактап калган. Эритилген эмбриондордон 31-октябрда эгиздер төрөлдү.

Эгиздер жарыкка келген Рижуэйлердин үй-бүлөсү мындайча айтканда, эмбриондорду асырап алган. Бул үй-бүлөдө жубайлардын 4 баласы бар жана алардын баары табигый жол менен төрөлгөн. "Эгиздерге Кудай жан бергенде мен болгону 5 жашта элем. Ошондон бери Кудай алардын жанын колдоп келди. Кандайдыр бир мааниде алар биздин улуу балдарыбыз, бирок эң кенжетайларыбыз болуп калат", - деп Филип Рижуэй журналисттерге айтып берген.  [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="149605,149606,149607"]