Abank_oct
SerepTV Logo

Бүгүн Кыргызстандын эркин күрөшү боюнча 4 балбаны мелдеш өткөрөт

Бүгүн Кыргызстандын эркин күрөшү боюнча 4 балбаны мелдеш өткөрөт
 
31-октябрда Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын алкагында эркин күрөш боюнча беттештер уланат. Мелдештин сегизинчи күнүндө Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 57, 74, 79 жана 92 кг салмак категорияларында күч сынашат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

57 кг чейинки салмакта Абдымалык Карачов алгачкы беттешин 1/32 финалдык баскычта Молдованын өкүлү Андрей Витанга каршы өткөрөт. 74 кг чейинки салмакта Орозобек Токтомамбетов биринчи айлампаны өткөрүп жиберип, 1/16 финалдык баскычта америкалык балбан Жеймс Грин менен беттешет. 79 кг чейинки салмакта Жакшылык Байташов 1/8 финалга чыгуу үчүн Түндүк Македониянын өкүлү Расул Шапиев менен күч сынашат. Ал эми 92 кг чейинки салмак категориясында Яков Чаплин 1/16 финалдык баскычта Түркиянын өкүлү Фатих Алтунбас менен беттешет.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 11:30да башталат.

 

SEREP MEDIA