Үнү өтө катуу чыккан унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталууда
Мыйзамга мындай өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов демилгеледи.
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине)» өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.