Abank
SerepTV Logo

"Интер" жана "ПСЖ" Чемпиондор лигасынын финалына чыкты

"Интер" жана "ПСЖ" Чемпиондор лигасынын финалына чыкты
УЕФАнын Чемпиондор лигасынын жарым финалынын экинчи беттештери орун алды. Бул тууралуу уюмдун сайтында айтылат. 6-майда италиялык “Интер” өз талаасында испаниялык “Барселонаны” 4:3 эсебинде утуп алган.

Бир күн мурун "ПСЖ" менен "Арсенал" командалары беттешти. Беттеш 2:1 эсебинде француз клубунун пайдасына аяктады. Голдорду Фабиан Руис менен Ашраф Хакими киргизди.

Эки беттештин жалпы эсеби боюнча 31-майга белгиленген финалга "Интер" менен "ПСЖ" өттү.