Royal
SerepTV Logo

Хабиб Нурмагомедовду учактан түшүрүп салышкан (видео)

Хабиб Нурмагомедовду учактан түшүрүп салышкан (видео)

Орусиялык мурдагы UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов Лос-Анжелеске уччу учактан чыгарылды. Бул тууралуу EssentlySports жазды. Басылманын маалыматына караганда, спортчу стюардесса менен кайым айтыша кеткен.

Нурмагомедов авариялык чыгуунун жанынан орун алган. Учуу алдындагы инструкция учурунда стюардесса андан өзгөчө кырдаал болгон учурда жүргүнчүлөргө жардам берүүгө даяр экендигин ырастоону суранган. Нурмагомедов так жооп бере алган эмес.

Стюардесса спортчудан башка орунга өтүүнү суранган, бирок ал баш тарткан. Андан соң, сүйлөшүүгө супервайзер кошулуп, авариялык катарда кала албасын, антпесе учактан чыгып кетүүгө аргасыз болорун түшүндүргөн. Портал жарыялаган кадрларда Хабиб Нурмагомедов жана анын жанындагылар учактан чыгып баратканын көрүүгө болот.

Окуядан кийин мушкер "Борт коштоочу башынан эле мени менен уруша баштаган. Мен англис тилин жакшы түшүнөм жана сүйлөй алам, буга карабастан ал мени ордумду бошотууну талап кылып туруп алды. Ага улуттук, расалык же башка себептер болгонбу мен билбейм. Негизгиси адамдар бир аз мээримдүү болсо" деген пикирин билдирген.

data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

target="_blank" rel="noopener noreferrer">Публикация от SEREPTV | ИНТЕРВЬЮ | ЖАНЫЛЫК (@sereptv)

Өзгөчө кырдаалдар министри сел жүргөн Баткенге барып, жеринде түзүлгөн кырдаал менен таанышты

02:38 04.05.2026

Мэрия Бишкекте түтүктөрдөгү авариялык жарылууларды жоюу тууралуу маалымдайт

03:02 04.05.2026

Баткенде сел: Тургундар эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал киргизилди

05:16 03.05.2026

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

08:47 04.05.2026

2026-жылы ЖРТ 17-майдан 23-майга чейин болот

23:00 27.04.2026

Кара-Суудагы каналга түшүп кеткен аял изделип жатат

00:09 30.04.2026

Касансай дарыясынын суусу көтөрүлүп, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолу жабылды

09:44 04.05.2026

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

08:47 04.05.2026

Мэрия Бишкекте түтүктөрдөгү авариялык жарылууларды жоюу тууралуу маалымдайт

03:02 04.05.2026