Abank_nov
SerepTV Logo

Германияда жаштардын нааразылык акциялары башаламандыкка айланды

Германияда жаштардын нааразылык акциялары башаламандыкка айланды

Германияда жаштардын нааразылык акциялары башаламандыкка айланды. 31-октябрдын кечинде Gen-Z regelt («Z мууну чечет») кыймылы уюштурган демонстрациялар өлкөнүн бир катар ири шаарларында көзөмөлдөн чыгып кеткен. Франкфурт-на-Майнеде айрым митингчилер дүкөндөрдүн айнектерин талкалап, полиция менен кагылышкан. Алардын айрымдары күйүүчү заттарды да колдонушкан. Берлинде эң көп адам катышкан акция учурунда укук бузууга шектелген 56 киши кармалды. Ал эми Кёльн шаарында беткап тагынып, пиротехникалык каражаттарды колдонгон митингчилерге каршы полиция суу чачуучу унааларды пайдаланган.

Жалпысынан Германиянын 30дан ашык шаарында нааразылык акциялары өттү. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, аларга 100 миңден ашуун адам катышкан. Ошол эле учурда Мюнхен, Нюрнберг, Дюссельдорф, Мюнстер, Эрфурт жана Дрезден сыяктуу шаарларда акциялар тынч өткөнүн полициянын маалыматына таянган жергиликтүү ЖМКлар жазышты.

Митингчилер билим берүүнүн сапатын жогорулатууну, жашоо наркынын өсүшүнө каршы чара көрүүнү, климатты коргоону күчөтүүнү, психотерапия жана көз карандылыктан дарылануу кызматтарын жеткиликтүү кылууну талап кылышууда. Мындан тышкары, акциянын уюштуруучулары милдеттүү аскердик кызматты киргизүүгө жана социалдык чыгымдарды кыскартууга каршы чыгышууда.

31-октябрда Германияда өткөн нааразылык акциялары акыркы жумаларда Европанын башка өлкөлөрүн да каптаган жаштар кыймылынын бир бөлүгү болуп калды. Атап айтканда, Франциянын бир катар шаарларында митингдер башаламандыкка жана полиция менен кагылышууларга айланган. Италияда болсо 30-октябрда уюштуруучулардын маалыматы боюнча, нааразылык акцияларына бир миллиондон ашык адам чыккан. Бул өлкөлөрдөгү башаламандыктардан келтирилген чыгым Германияга салыштырмалуу кыйла жогору бааланууда.

SEREP MEDIA