Abank_oct
SerepTV Logo

Депутат Абдибаеванын сынга кабылган пикири боюнча Жогорку Кеңеш маалымат берди

Депутат Абдибаеванын сынга кабылган пикири боюнча Жогорку Кеңеш маалымат берди
Депутат Айсаракан Абдибаева Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 29-сентябрдагы жыйынында адамдын руханий, адеп-ахлактык саламаттыгына жана жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштар менен күрөшүү жаатындагы мыйзамдардын аткарылышына тиешелүү жагдайлар боюнча пикирин билдирген.

Тагыраагы эл өкүлү 19-25 жаштагы көптөгөн жарандардын куруу жалаа менен мыйзамсыз түрмөдө олтургандыгы тууралуу ата-энелеринен кайрылуулар арбын келип жатканын жүйө келтирип, аталган багыттагы мыйзамдарды карап чыгуу сунушун берген. Бирок жыйында айтылган сунушта жашы жете элек балдарга ыдык көрсөткөндөр үчүн жаза-чараларын жеңилдетүү тууралуу маселе көтөрүлгөн эмес. Андан тышкары бул багыттагы мыйзам долбоору да каралган жок.

Ал эми эл өкүлү Айсаракан Абдибаева бардык кылмыш иштери жазасыз калбашы керектигин, ошол эле учурда бирөөнү куруу жалаа, доомат менен жазалоого болбой тургандыгын баса белгилейт.