«Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелерге берилүүчү пенсиялык кошумча төлөмдү көбөйтүүгө багытталган мыйзам долбоору колдоо тапты
16-ноябрда Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Демилгечилер – депутаттар Камила Талиева, Марлен Маматалиев, Алтынбек Кудайбердиев, Уланбек Жаанбаев, Гүлнара Баатырова.
Жыйында баяндама жасаган демилгечилердин бири, депутат Камила Талиева белгилегендей, мыйзам долбоору көп балалуу энелерге мамлекеттик колдоону күчөтүү жана өлкөнүн демографиялык өнүгүүсүнө салым кошкон аялдардын татыктуу жашоо деңгээлин камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелерге берилүүчү пенсиялык кошумча төлөмдү көбөйтүү сунушталууда.
«Учурда «Баатыр эне» ордендери менен сыйланган энелерге, анын ичинде багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алган энелерге, пенсияга айына 1000 сомдук үстөк белгиленет. Бул сумма 2011-жылдан бери кайра карала элек. Учурдагы экономикалык кырдаалды жана негизги азык-түлүккө, коммуналдык кызматтарга жана дары-дармектерге болгон баалардын өсүшүн эске алганда, бул төлөм өзүнүн түрткү берүүчү жана колдоо көрсөтүүчү функциясын жоготту. Мыйзам долбоору мамлекеттик колдоо деңгээлин кайра карап чыгууну жана эсептик базалык өлчөмдүн 5000 пайызын түзгөн (айына 5000 сомго барабар) пенсияга кошумча төлөмдү белгилөөнү сунуштайт», – деген Камила Талиева Кыргыз Республикасында «Баатыр эне» ордени 34 миңге жакын энеге ыйгарылганын кошумчалады.
Талкуу маалында депутат Гүлнара Баатырова сунушталып жаткан мыйзам долбоору энелердин эмгегин таанып, татыктуу баа берүүгө жана социалдык абалына көңүл бурууга багытталганын белгилеп, аны колдоого чакырды. Эл өкүлү Советбек Рустамбек уулу «Баатыр эне» ордени менен сыйлоо маселесине токтолуп, жети жана андан ашык баланы төрөп, татыктуу тарбиялаган, бирок балдарынын бири соттолгондугуна байланыштуу бул сыйлыкка ээ боло албай калган энелердин укуктары боюнча маселени ортого салды. Депутат Камила Талиева бул сунушту колдоп, аталган маселени жөнгө салууга багытталган өзүнчө мыйзам долбоору иштелип жатканын маалымдады. Ал эми депутат Жылдыз Эгенбердиева мыйзам долбоорун колдоп, анын кабыл алынышы «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелерди социалдык жактан колдоону күчөтүүдө, ошондой эле Кыргызстанда үй-бүлө институтун бекемдөөдө маанилүү кадам болорун билдирди.
Андан тышкары, жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген «2026-жылдын 30-июлунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Мыйзам долбоорун Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары Гулнура Джуматаева тааныштырды. Ал белгилегендей, макулдашуу эки өлкөнүн жарандарына Кыргыз Республикасында курагы, майыптыгы жана баккан адамынан айрылгандыгы боюнча камсыздандыруу пенсияларын, ошондой эле Мамлекеттик топтоо пенсиялык фондунун пенсиялык топтоолорунун каражаттарынын эсебинен төлөмдөрдү алуу боюнча, ал эми Өзбекстан Республикасында курагы, майыптыгы жана баккан адамынан айрылгандыгы боюнча мамлекеттик пенсияларды, ошондой эле топтоо пенсиялык каражаттарынан төлөмдөрдү алуу боюнча бирдей укук берүүчү шарттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Талкуу маалында депутат Гүлнара Баатырова жана Улукбек Карыбек уулу макулдашуунун ченемдерин ишке ашыруу механизмине кызыкса, эл өкүлү Жылдыз Эгенбердиева пенсия маселелери боюнча электрондук маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгүн киргизүүнү сунуштады.