Abank_nov
SerepTV Logo

Сокулукта жашы жете элек балага карата жасалган делген мыйзамсыз аракеттер боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө

Сокулукта жашы жете элек балага карата жасалган делген мыйзамсыз аракеттер боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө
 
16-октябрда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө жаран арыз менен кайрылып, анда 2012-жылы туулган жашы жете элек уулуна карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери жасалгандыгы тууралуу билдирген.

Арыз ээсинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын июнь айынан август айына чейинки мезгилде анын кошунасы, С. аттуу жаран жашы жете элек балага карата күч колдонуу жана коркутуу менен коштолгон сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерин жасаган деп шектелүүдө. Аталган факт боюнча тиешелүү материал каттоого алынып, окуянын бардык жагдайларын аныктоо жана тиешелүү юридикалык баа берүү максатында текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
SEREP MEDIA