КРВИ жана сасык тумоого чалдыккандардын 67%дан ашыгы — балдар
Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ), сасык тумоо жана коронавирус инфекциясы боюнча оорулардын жайылышына жума сайын мониторинг жүргүзүүнү улантууда.
Ыкчам маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын 47-жумасында (16–22-ноябрь) республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 13 386 учуру катталган (интенсивдүү көрсөткүч — калктын 100 миңине 182,3 учур). Бул көрсөткүч мурунку аптага салыштырмалуу 17,0%га жогору. Мурунку аптада 11 439 учур катталган. 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу оорулардын саны 2,5%га өскөн.
Ооругандардын жалпы түзүмүндө 14 жашка чейинки балдар 67,1%ды (8 967 учур) түзөт.
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында эпидемиологиялык көзөмөлдүн тандалма мониторинги улантылууда. Лабораториялык мониторингдин маалыматы боюнча, 2026-жылдын 40–47-жумаларында жалпы 737 үлгү алынган.
Респиратордук вирустардын айлануусу байкалууда. Алардын ичинен риновирустар — 44,1%, парагрипп вирустары — 25,1%, аденовирустар — 12,9%, сезондук коронавирус — 9,6%, бокавирустар — 7,4% жана башка вирустар 0,9%ды түзөт.
Сасык тумоого каршы эмдөө
Сезондук сасык тумоонун алдын алуу максатында Саламаттыкты сактоо министрлиги буга чейин «Гриппол+» вакцинасынын 63 734 дозасын сатып алган. Мындан тышкары, министрлик тарабынан сасык тумоого каршы вакцинанын дагы 100 000 дозасы кошумча сатып алынган. Ошентип, сатып алынган вакциналардын жалпы көлөмү 163 734 дозаны түздү.
Учурда республиканын бардык аймактарында сасык тумоого каршы эмдөө улантылууда. Биринчи кезекте эмдөө тобокелдик тобуна кирген адамдарга жүргүзүлөт:
· өнөкөт оорулары бар адамдарга;
· 65 жаштан жогорку жарандарга;
· кош бойлуу аялдарга;
· тез-тез ооруган балдарга;
· медицина кызматкерлерине.
Көрсөтүлгөн жарандар үчүн эмдөө үй-бүлөлүк медицина борборлорунда акысыз жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, каалоочулар акы төлөө негизинде 12 жеке медициналык уюмдан эмдөөдөн өтө алышат: «Кроха», «Малыш», «ЦАДМИР», «Поликлиника-312», «Интермедикал», «Комфорт Медик», «Эдельвейс», «Клиника 21», «Авиценна», «Чипенко», «Мама Доктор» жана «Аллерго Эксперт» бар. Эмдөөнүн баасы бир доза үчүн 450 сомдон 1 100 сомго чейин.
КРВИ жана сасык тумоонун алдын алуу боюнча негизги чаралар
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги калкка төмөнкү алдын алуу чараларын сактоону сунуштайт:
-
колдун гигиенасын сактоо, колду самындап үзгүлтүксүз жуу;
-
бөлмөлөрдү желдетип, нымдуу тазалоо иштерин жүргүзүү;
-
респиратордук гигиенаны сактоо, жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду жабуу;
-
адамдар көп чогулган жерлерде, өзгөчө респиратордук инфекциянын белгилери байкалганда медициналык беткап колдонуу;
-
организмди үшүтүп алуудан сактануу;
-
оорунун белгилери пайда болгондо үйдө калып, өз убагында медициналык жардамга кайрылуу;
-
КРВИнин белгилери бар балдарды айыкканга чейин мектепке жана бала бакчага жибербөө;
-
эмгек жана эс алуу режимин сактоо, туура тамактануу жана дене активдүүлүгүн колдоо.
Калкка консультациялык жардам көрсөтүү
Балдарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында үй-бүлөлүк медицина борборлорунда КРВИ боюнча адистештирилген колл-борборлор уюштурулган.
Балада оорунун алгачкы белгилери пайда болгондо ата-энелер аралыктан консультация алуу үчүн кайрыла алышат. Алар медициналык адистерден сунуштарды жана мындан аркы текшерүүдөн өтүү же ооруканага жаткыруу зарылдыгы тууралуу маалымат ала алышат.
Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандарды сасык тумоого каршы эмдөөдөн өз убагында өтүүгө, алдын алуу чараларын сактоого жана оорунун белгилери пайда болгондо медициналык жардамга кайрылууга чакырат.