Abank_nov
SerepTV Logo

Си Цзиньпин Трампты учактан өзү тосуп, Путинди эмне үчүн тосуп алган жок?

Си Цзиньпин Трампты учактан өзү тосуп, Путинди эмне үчүн тосуп алган жок?

Си Цзиньпин Трампты учактан өзү тосуп, Путинди эмне үчүн тосуп алган жок? Бул жерде айрым маалымат каражаттарын дүрбөлөңгө салгандай эч кандай жашыруун маани жок. Кытай таануучу Алексей Чигадаев ушундай пикирин билдирди.

Анын айтымында, Владимир Путин менен Си Цзиньпин буга чейин 50дөй жолу жолугушкан. Бирок алардын бири да экинчисин учактын трабынан тосуп алган эмес. Себеби мындай кадам дипломатиялык протоколдо каралган эмес.

«Владимир Путин Си Цзиньпинди да, Си Цзиньпин Владимир Путинди да учактан эч качан тосуп алган эмес. Анткени бул дипломатиялык протоколдо каралган эмес», — деди Чигадаев DW Новости эфиринде.

Эксперттин айтымында, бул жолку жагдайга Дональд Трамп себеп болгон. Ал Си Цзиньпиндин АКШга мамлекеттик сапары учурунда дипломатиялык протоколду бузуп, Кытай лидерин учактан өзү тосуп алган.

«Ошондуктан өз ара мамиле принцибине ылайык, буга жооп берүү керек болгон. Си Цзиньпин да Трампты учактан тосуп алды. Бул чындап эле өзгөчө окуя, бирок ал Трамптын буга чейинки аракетинен улам болду», — деди эксперт.

Берлин Карнеги борборунун директору Александр Габуев да ушундай пикирде.

«Си Трампты учактан тосуп алганы — жөн гана сылык мамилеге жооп. Анткени Трамп сентябрда Си АКШга келгенде дипломатиялык протоколду сактабай, аны өзү тосуп алган», — деди Габуев DW Утро эфиринде.

SEREP MEDIA