Депутаттар жана эксперттер парламенттин ишмердүүлүгүндө жасалма интеллектти колдонуу маселелерин талкуулашты
Жогорку Кеңештин депутаттары үчүн уюштурулган «Китепканадагы баарлашуулар» аталышындагы интеллектуалдык жолугушуулардын алкагында «Парламенттик ишмердүүлүктөгү жасалма интеллект: жаңы мүмкүнчүлүктөр жана практикалык инструменттер» темасында жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууга Бишкек шаарындагы «ololo» компаниялар тобунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана башкы директору, Креативдүү индустриялар паркынын Байкоочулар кеңешинин мүчөсү Данияр Аманалиев баяндамачы катары чакырылган. Баарлашуунун жүрүшүндө жасалма интеллекттин заманбап мүмкүнчүлүктөрү, анын мамлекеттик башкарууга тийгизген таасири жана парламенттик ишмердүүлүктө колдонуу келечеги талкууланды. Айрыкча аналитикалык иштерди жүргүзүүдө, документтерди даярдоодо, маалыматтарды иштеп чыгууда жана мыйзам чыгаруу процессин өркүндөтүүдө колдонууга мүмкүн болгон жасалма интеллект инструменттери тууралуу кеп болду.
Ачык пикир алмашуу форматында өткөн жолугушууда депутаттар бир катар суроолорду узатып, заманбап технологияларды парламенттин ишине киргизүү маселелери боюнча сунуш-пикирлерин билдиришти. Ушундай эле иш-чара Жогорку Кеңештин Аппаратынын кызматкерлери үчүн да уюштурулду. Анда Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун Аналитика жана координациялык иштер бөлүмүнүн башкы эксперти Темирлан Разбаев жана жасалма интеллект боюнча эксперт Нурислам Аширматов баяндама жасады.
Баяндамачылар жасалма интеллекттин пайда болуу жана өнүгүү тарыхы, анын калыптанышынын негизги этаптары, теориялык негиздери жана бул технологиянын заманбап өнүгүү багыттары тууралуу маалымат беришти. Мындан тышкары, жасалма интеллекттин заманбап инструменттери тааныштырылып, аларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Ошондой эле аталган технологияларды парламент кызматкерлеринин кесиптик ишмердүүлүгүнө киргизүүнүн практикалык мисалдарына жана мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурулду.
Белгилей кетсек, «Китепканадагы баарлашуулар» интеллектуалдык жолугушуулар форматы Жогорку Кеңештин алдындагы Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору тарабынан иштелип чыккан. Долбоор салттуу парламенттик күн тартибинен тышкары билим жана тажрыйба алмашууга, дүйнөлүк тенденцияларды талкуулоого жана жаңы идеяларды жаратууга багытталган бейформал аянтча түзүүгө багытталган.